Мин.сел.хоз.
Жыңылык Бештин айынын 7

Региондордо сүт тармагын өнүктүрүү

               Кыргыз Республикасынын Айыл чарба тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте 6-7-декабрда Чүй облусундагы Бурана мейманканасында Нарын облусунун дыйкандары үчүн семинар өткөрүүдө.
            Семинардын максаты- Нарын облусунун  сүт тармагын өркүндөтүү болуп саналат. Эки күндүк семинардын алкагында фермерлерге сүтүү малды уруктандыруу, өстүрүү, тоюттандыруу  боюнча, заманбап технологияларды колдонуунун  теориялык  жана практикалык  ыкмаларына үйрөнүштүү, жана  кенен тематикадагы маселелерди талкуулашты.

Ишкерлер үчүн семинарды мал чарбачылыгы тармагында тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу эксперттер өткөрүштү. Бул семинар Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан айыл чарба артыкчылыктуу багыттары боюнча окутуучу семинарлардын алкагында  болуп өттү.

Кененирээк
Жыңылык Бештин айынын 6

Балык запастарын көбөйтүү боюнча  иш жүргүзүлүп жатат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тама-аш өнөр  жайы жана мелиорация  мнистрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти "2018-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын көбөйтүү" буйругун аткаруу  максатында, төмөнкү иштерди кылууда.

Кененирээк
Жыңылык Бештин айынын 6

Министр Пакистандын элчиси менен жолугушту


            Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргыз Республикасындагы Пакистан Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Файсал Нияз Тирмизи менен жолугушту.


Жолугушууда эки тарап айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты. Атап айтканда, Айыл чарба министри Н. Мурашев, элчиге чийки булгаарыны Пакистанга жеткирүү боюнча маселени изилдеп чыгууну сунуштады, жана Пакистандын рыногу кыргыз айыл чарба азыктарынын түрлөрүнө кызыктарын сурады.

Кененирээк
Жыңылык Бештин айынын 5

Жашылчаларды жабык топуракта ѳстүрүү технологиясы боюнча календардын бет ачаары болду

2018-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегия залында Кыргызстандын шартында клубниканы, помидорду жана бадыраӊды күнѳсканада ѳстүрүү технологиясы боюнча календарды тапшыруу аземи болду. Бул аземге Түштүк Кореянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Хи Та Ёк, ошондой эле профессор Чо Ян Хи башында турган Түштүк Кореядагы Дангук университетинин  окумуштуулары, айыл чарба Министрлигинин адистери жана фермерлер катышты.

Жаныбек Керималиев министрдин орун басары отурумдун ишин баштап, кириш  сѳзүн айтты.  Ошондой эле Түштүк Кореянын Кыргызстандагы атайын ыйгарым укуктуу элчиси Хи Та Ёк саламдашуу сѳзүн  сүйлѳдү.

Кененирээк
Жыңылык Бештин айынын 4

Жапаркул Токтоналиев -1926 жылы  Нарын районундагы Ак-Булак айлында туулган, кесиби инженер-энергетик.1959 -жылы  Фрунзедеги политехникалык институтунун энергетикалык факультетин, 1974- жылы Ленинградагы  Пальмира Тольятти атындагы инженерлик-экономикалык институттун өнөр жайды, курулушту уюштуруу факультетин, ага чейин 1943 –жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн .

«Кыргыз ССРинин Эмгек синирген куруучусу», «СССР энергетикасынын отличниги, «Кыргыз Республикасынын энергетикасынын жана өнөр жайынын каарманы»,  «Нарын облусунун ардактуу атуулу, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. 

«Хан Ормон» экилтик романынын, «Баатыр Шабдан» тарыхий романынын, «От Кара чырака до лампочки Ильича» аттуу тарыхый роман-хрониканын  жана төрт тарыхый баяндардын (повесттердин) автору.

Кыргызстандын экономикасын, мадаяниятын  өнүктүрүү боюнча жүздөн ашык публистикалык ой толгоолордун, макалалардын автору.

Жапаркул Токтоналиевдин көркөм адабияттагы үзүрлүү чыгармачыл эмгеги республиканын эл чарбасындагы жооптуу жетекчи кызматтагы милдеттеринен ажырагыс болгон. Энергетика тармагынын, айыл чарбасынын маанилүү проблемаларын «Коммунист» журналында, «Советская Киргизия» газеталарына жаряланып эл ишине сүрөөн болуп турган.

Кененирээк
Жыңылык Бештин айынын 4

2019-жылдан 2023-жылга чейин мезгил ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча жаңы программа иштелип чыкты

2018-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасына азык-түлүк коопсуздугу боюнча кыймылынын  изилдөө ишинин жакшыртуу  жана тажрыйба алмашууга арналган Тажик Республикасынын өкүлдөрүнүн иш сапары башталды.

Делегациянын өкүлдөрү Аыйл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде откорүлүп жаткан тегерек столго катышышты.

Кыргызстан  Global кыймылына  2011- жылдан баштап кошулуп, бул тармакта иш алыпкелип жатканына  6 жыл болду. Кыргызстан бул кыймылга 23-өлкө болуп кошулуп калды. Бүгүн кыймылдын ичинде 60 өлкө бар.

Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана  туура тамактанууга көп коңүл бурулат. 2015-жылдан баштап 2017-жылга чейин, азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу маселелери боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылгын.
Бул программанын тажрыйбасында 2019-2023 жылга  чейинки мезгил ичинде азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаңы программасы иштелип чыкты.

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]   ...   12   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу