Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Февраль, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Бирдин айынын 18

Айыл чарба министрлигинин адистери Жалал-Абад облусуна агрозоовет окууларды өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери, Жалал-Абад облусунун облусунун Сузак, Базар-Коргон,Ноокен жана Токтогул,Тогуз-Торо райондорунда мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагын адисдештирүүдө, прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен кирешелүү жана экспорттук суроо талапка ээ болгон мал чарба, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн продукцияларын кайра иштетүүдө алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге агрозоовет окууларды өткөрдү.

Семинарга Министрликтин мал чарба, асыл тукум ишин жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Мамаев, Жайыт, мал чарба жана чарба Департаментинин бөлүм башчысы У.Майрамбеков, Кооперацияны өнүктүрүү секторунун жетектөөчү адиси Б.Абдылдаева , Тамак аш жана кайра иштетүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Замирбекова, облустун айыл чарба адистери жана жергиликтүү дыйкан-фермерлер катышты.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 18

Баткенде органикалык айыл чарба технологияларын фермерлерге

үйрөтүү семинары өтүү

 

2019-жылдын 15-февралында Баткен шаарында Кыргызагробиоборбордун Баткен регионалдык биофабрикасы жана JAIСA нын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциясы Ош, Жалалабад жана Баткен областтарынын фермерлери үчүн ири семинар уюштурушту. Семинардын максаты Япония өлкөсүндө колдонулган органикалык айыл чарба технологияларын фермерлерге үйрөтүү жана жайылтуу.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 15

КР ветеринария жамааты өзүнүн электрондук китепканасына ээ болду

Кыргызстандын ветеринар адистери үчүн Электрондук китепкана иштей баштады. Китепкананын материалдары менен интернет аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен колдонууга болот. Китепкана К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин Ветеринария жана биотехнология факультетинде жайгашкан.

Өлкөдө мындай китеп фонду биринчи жолу түзүлгөн, китепкана ИФАДдын “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору тарабынан каржыланып Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү аркылуу аткарылууда. Долбоор тарабынан сатылып алынган компьютер, сервер жабдууларынын жана программалык камсыздоонун баасы 26 000 АКШ долларын түзгөн.

Башында долбоор КУАУнун “Лань” (Санкт-Петербург ш.) россиялык басма үйү менен кызматташууну түзүүгө жардам берген. Келишим боюнча Кыргызстандык колдонуучулар эки жыл бою ветеринария боюнча адабияттарды, окуу китептерди, макалаларды, илимий сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Ошол эле убакта Электрондук китепкананы түзүү иштери университетте жүрүп жаткан. Бул үчүн ветеринардык факультеттин  fvm.knau.kg интернет-баракчасы иштелип чыккан. Өткөн жылдын ноябрынан баштап, факультет өз алдынча жогорку ылдамдыктагы Интернетке кошулду.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 15

Мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын

вегетация мезгилине даярдоо боюнча 2019-жылдын 15-февралына карата

 маалыматы

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш ѳнѳр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаменти боюнча мамлекеттик ирригация тармактарын 2019-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 178,4 млн.сом каралып, 2019-жылдын 15-февралына карата 55,8 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 178,4 млн.сомдук план-тапшырманын 31 % түздү.

-  114,4 км каналдар оңдолуп, план боюнча 384,9 км, же 30 %; 

- 156,3 км чарбалар аралык каналдар механизмдер менен шилендилерден (нанос)                        тазаланды, план боюнча 529,9 км же 29 %; 

- 372 даана гидротехникалык курулмалар оңдолгон, план боюнча 1126 же   25%;

- 355 даана суу өлчөөчү постор оңдолгон, план боюнча 1118 же 32 %;  

- 32 даана насостук станциялар оңдолгон, план боюнча 100, же 32%;

-  5 даана скважиналар оңдолгон, план боюнча 15, же 33%;

         Баардыгы болуп суу чарба курулуштарын сугат мезгилине карата өз убагында даярдоодо 56 даана ар түрдүү экскаваторлор, 22 даана бульдозер, 20 даана тракторлор, 15 даана автокран, 58 даана автомашина, 24 даана фронталдык жүктөгүч жана 1086 адам иштеп жатат.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 14

Министрликтин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча «Кабар» агенттигинде пресс-конференция өткөрүлдү

 

Бүгүн 14-февральда Министрликтин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча «Кабар» агенттигинде пресс-конференция өткөрүлдү. Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максатбек Ташболотов, Уюштурууну камсыз кылуу жана документ жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы Нурмамат Муллакелдиев, Агрардык саясат жана экономикалык божомолдоо бөлүмүнүн башчысы Замирбек Молдалиев катышты. М. Ташболотов министрликтин 2018-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча айтып берип,  2019-жылдагы жазгы талаа иштери боюнча суроолорго жооп берди.

Кененирээк
Жаңылык Бирдин айынын 14

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы айыл-чарба секторунда кызматташуу бекемделет

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба,тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев иш сапары менен Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министри Ходжаев Жамшид менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки  тарап, айыл чарба тармагындагы өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызтандын картошкасын Өзбекстанга сатуу жана Өзбекстандын минералдык жер семирткич, буудай,пахта үрөнүнүн Кыргызстанга сатып алуу жөнүндө талкуу болду. Ошондой эле эки тараптын айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо-иморттоо боюнча чектөөлөрүн чечүүгө жетишти.

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-26]  [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу