Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Апрель, 2019 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 16

Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүдө жана жүгүртүүдө  көзөмөлдөө боюнча системалуу иш жүргүзүлүүдө

 

Жөнгө салуу

2019-жылдын I кварталында алкоголдук продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) 203 даана лицензия берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн 2015-жылдын 27-майындагы №327 токтому менен бекитилген лицензиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн «Голд Вайн Алкоплюс» ЖЧКнын (кальвадос, шарап, бренди) лицензиясы убактылуу токтотулду.

Алкоголдук тармакта 45 ɵндүрүш мекемелери иш жүргүзгɵн, анын ичинде: 5 спирт заводу, 6 арак заводу, 15 сыра жана 19 шарап өндүрүүчү ишканалар.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 15

БАЭ  Кыргызстандан чыккан  эт азыктарына  кызыкдар

 

Бүгүн КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Бириккен  Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушту.

Делегацияны БАЭнын Климаттын жана айлана-чөйрөнүн  өзгөрүү министрлигинин алдындагы  жаныбарлардын ден соолугу департаментинин башчысы  Шейх Мажид Аль Кассими баштап келген. Андан тышкары делегациянын курамында  ветеринариянын докторлору Мерват Мари Аль Нуаймат айым жана Талаат Абдулмажид Хамид мырза да коштоп келишкен.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 10

2019-ж. 10-апрели

Жайыт акысы 2018-жылы 24 миллион сомго көп жыйналды

 

2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат 24 миллион сомго көбүрөөк же 152 млн сомду түздү. Бул туралуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоорлорунун аткаруучу агенттиги, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн шериктеши Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти билдирди. (Кеңири диаграмманы караңыздар).

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 9

Министр Нурбек Мурашев Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси менен жолукту

 

2019-жылдын 9-апрелинде  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Девень менен жолукту.

Жолугушууда эки тарап Кытай жана Кыргыз Республикаларынын ортосундагы айыл чарба багытында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Кытай элчиси айыл чарба багытындагы агро өнөр жай тармагында кызматташуу келечектүү экенин билдирди.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 8

Өткөрмө пункттарындагы маалыматтык такталар

 

Кыргыз Республикасын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери жергиликтүү аткаруу мамлекеттик органдары менен биргеликте Чүй облусунда (“Чалдовар”,“Ак-Тилек”, “Ак-Жол” өткөрмө пункттарында), Талас облусунда (“Чоң-Капка” өткөрмө пункттунда), маалыматтык такталарды орнотуу үчүн участоктор аныкталып, бүгүнкү күндө жогоруда көрсөтүлгөн жерлерде ЕАЭБдин тийиштүү мүчө мамлекетинин аймагына ташып чыгарылуучу карантиндик фитосанитардык талаптар боюнча маалымат такталары жайгаштырылды.

Кененирээк
Жаңылык Чын куран 4

Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев Кадамжай районунун депутаттары менен жолукту

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.Керималиев Баткен облусунун Кадамжай районунун депутаттары менен “Жазгы талаа  айдоо аянттарын суу менен камсыз кылуу, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден  коргоо ошондой эле айыл чарба багытындагы” маселелерди талкуулашты.

Кененирээк

[1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]   ...   9   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу