Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Жалган куран 13
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл облусунда дыйкандар менен жолукту

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Ысык-Көл облусунун райондорунун дыйкан-фермерлери менен жолугуп, жазгы талаа иштерине даярдыктары боюнча кабар алышты.

Айыл чарба министринин орун басары Ж.Керималиев, Талаачылыкты, үрөөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмнүн башчысы Ж.Жумалиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-суу, Түп райондорунун акимдери, айыл өкмөттөрү жана дыйкан-фермерлери менен жолугуп, жазгы талаа иштерине даярдыктары жөнүндө жер айдоо техникалары, суу арыктарын тазалоо, дан эгиндеринин үрөнчүлүктөрү ошондой эле картошка сактоочу ороолорду  жеринен кыдырып кабар алды.

Жолугушууда Ж.Керималиев  суугат арыктарын тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирип, үрөн менен камсыз кылуу боюнча айыл чарбасын каржылоо-7 долбоору ишке ашырылып 6-8 % жеңилдетилген насыялар берилип жатканын айтты. Жеңилдетилген насыялар мал чарбасын асылдандырууга да берилерин түшүндүрүп, фермерлерге малдардын санынан сапаттуулугуна өтүүнү сунуштады. Ошондой эле бүгүкү күндө экспорт маселесин дагы чечүү максатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп,  жолугушуулар болуп жатканын баса белгилеп, дүйнөлүк базар баасы Крыгызстанда эле эмес, Оруссия, Казахстан, Озбекстан, Пакистан,Туркенистан бардык малекеттерде баа төмөн болуп жатканын айтты.

Жолугушууда жыйындын катышуучулары айыл чарба тармагында  жер талашуу жана суу маселелери боюнча көптөгөн суроолор менен кайрылып, сунуштарды айтышты.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу