Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 10
1144953 3 2x

2019-ж. 10-апрели

Жайыт акысы 2018-жылы 24 миллион сомго көп жыйналды

 

2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат 24 миллион сомго көбүрөөк же 152 млн сомду түздү. Бул туралуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоорлорунун аткаруучу агенттиги, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн шериктеши Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти билдирди. (Кеңири диаграмманы караңыздар).

Чогултулган каражаттын көпчүлүк бөлүмү жайыттардын инфраструктурасын жана абалын жакшыртууга жумшалат.

Жайыттардын жакшыртуусу 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын ишке кириши жана реформанын  өтүшү менен белгиленет. Жайыт тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашырылган “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоору жана учурда иштеп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1, - 2”, “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоорлору себепкер.

Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматовдун айтымында, жайыттар кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болуп саналгандыктан жайыт жерлерин пайдаланууда рационалдуу колдонуу ар бир Жайыт комитетинин башкы максатына айланыш керек. “Бир гана Жайыт комитеттери эмес ар бир жайыт пайдалануучу жайытка аяр мамиле кылуу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот”, - деп белгилейт департаменттин башчысы.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу