Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Чын куран 15
1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x
  • 1144953 3 2x

БАЭ  Кыргызстандан чыккан  эт азыктарына  кызыкдар

 

Бүгүн КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Бириккен  Араб Эмираттарынан келген делегация менен жолугушту.

Делегацияны БАЭнын Климаттын жана айлана-чөйрөнүн  өзгөрүү министрлигинин алдындагы  жаныбарлардын ден соолугу департаментинин башчысы  Шейх Мажид Аль Кассими баштап келген. Андан тышкары делегациянын курамында  ветеринариянын докторлору Мерват Мари Аль Нуаймат айым жана Талаат Абдулмажид Хамид мырза да коштоп келишкен.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстандан чыккан эттерди жана эт азыктарын БАЭна жеткирүү тууралуу талкуулашты.

Делегациянын Кыргызстанга келген негизги максаты бул биздин өлкөдөгү экспорттун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана ветеринардык көзөмөл системасын байкаштырып, процесс менен таанышуу.

БАЭнан келген делегация иш сапардын алкагында  Кыргызстандагы эт өндүрүү цехтеринин, карантиндик жайлардын иштери  менен таанышып, асыл-тукум чарбаларын көрүп чыгуу.

Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын өкүлчүлүктөрү ветеринардык көзөмөлдүн иштөө абалын жана ветеринардык лабораториялар тууралуу айтып беришти.

Назад

Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу