Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Жалган куран 25

Министр Нурбек Мурашев  Ош, Жалал-Абад облусунун райондорунан жазгы талаа иштерине даярдыктары боюнча жеринен барып кабар алды

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев Ош, Жалал-Абад облусунун райондорунун акимдери, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары, айыл өкмөттөрү жана дыйкан-фермерлери менен жолугуп, жазгы талаа иштерине даярдыктары жөнүндө жер айдоо техникалары, айыл чарба азыктарынын үрөнчүлүктөрү ошондой эле суугат арыктарын тазалоо иштери боюнча   жеринен кыдырып, кабар алды.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 20

Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө 2019-жылдын 19-мартына карата  маалыматы

 

Министрлик 2019-жылдагы айыл чарба талаачылык иштерине  айдап себүү жана оруп жыйноо иштерин өз убагында өткөрүү  максатында, “2019-жылы мезгилдик айыл чарба талаа жумуштарын өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №10-б буйругу 2019-жылдын 1-февралында кабыл алынды.

Аталган буйрукка ылайык, 2019-жылдын түшүмү үчүн  жалпы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянты 1219,4 миң гектарды түзүп, өткөн жылга салыштырганда 4,6 миң га көбүрөөк болжолдонууда. Негизинен арпа, жүгөрү, чанактуу өсүмдүктөр, пахта жана тоют өсүмдүктөрүнүн өстүрүүгө басым жасалууда.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы себүү аянттарынын жогорулашынын себеби болуп пайдаланылбаган жерлердин кыскарышынан болууда. Бүгүнкү күндө республика боюнча пайдаланылбаган жерлердин аянты 67,3 миң га түзөт.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 19

2019-жылдын 1-мартына карата Министрликтин мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн өндүрүү жөнүндө маалыматы

 

Эт өндүрүү. 2019-жылдын отчеттук мезгилинде республикада бардык категориялардагы чарбаларында 59,1 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, 1029 тонна, же 1,8 пайызга мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Белгилей кетчү нерсе 2019-жылдын январь-февраль айында республиканын бардык облустар боюнча эт көбүрөөк өндүрүлгөн.

Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51862  башка көбөйгөн, кой жана эчкинин саны – 90174 башка, жылкылардын саны – 17355 башка жана үй канаттуулардын саны 99279 башка көбөйгөн.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 18

Республиканын бардык облустарында  жана райондорунда Кыргызагробиоборбодо өндүрүлгөн биокаржаттардын көргөзмөсү уюштурулду

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборбору тарабынан 2019-жылда жазгы   талаа жумуштарын жүргүзүүдө биокаражаттарды пайдаланууну жогорулатуу максатында 2019-жылдын 20-февралынан 20-мартына чейин “Маалымдуулук айы” уюштурулду.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 16

Айыл чарба министрлиги ишемблик өткөрдү

 

Бүгүн 16-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ишембилик өткөрдү.
Министрликтин жетекчилери жана жалпы жамааты мекеменин тегерек четин шыпырып, тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Кененирээк
Жаңылык Жалган куран 15

Министринин орун басары Эркинбек Чодуев ЕАЭБтин Коллегиянын мүчөсү, айыл чарба агроөнөр жайы (министри) Александр Субботин менен жолукту

 

Бүгүгн 15-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тама-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев, ЕАЭБтин Коллегиянын мүчөсү, айыл чарба агроөнөр жайы (министри) Александр Субботин менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Экономикалык комиссиясы менен министрликтин кызматташууда негизги учурларын талкуулашты.

Кененирээк

[пред]  [1-6]  [7-12]  [13-18]  [19-24]  [25-30]  [31-36]  [37-42]  [43-48]  9   [след] [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу