Мин.сел.хоз.
Ычкам маалымат
Окуялар календар
<< Август, 2008 >>
ПНВТСРЧТПТСБВС
123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031

©

Өкмөт
Өнөктөштөр
Жаңылык Үчтүн айынын 17

Эт, сүт, жумуртка жана жүн өндүрүү боюнча 2018-жылдын жыйынтыгына карата маалымат

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарба, асыл тукум иштери жана илим саясатын өнүктүрүү бөлүмү, 2018-жылдын жыйынтыгына карата мал чарбачылыгынын азыктуулугун өндүрүү жөнүндө маалымат сунуш кылат.

Эт өндүрүү. 2018-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 403,3 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү 8,2 миң тоннага, же 2,1 пайызга өткөн жыл менен салыштырмалуу эт көбүрөөк өндүрүлдү.

Белгилей кетчү нерсе 2018-жылдын январь-декабрь айында республиканын бардык облустардагы чарбалар этти көбүрөөк өндүргөн.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 16

International Expo Group компаниясы 15 Эл аралык “UzAgroExpo-2019” өткөрүүнү пландады

2019-жылдын 27-29-ноябрь күндөрү Өзбек Республикасынынын Ташкент шаарында “Узэкспоцентр” улуттук көргөзмөсүндө International Expo Group компаниясы 15 Эл аралык “UzAgroExpo-2019” өткөрүүнү пландады. Өсүмдүк өстүрүү, айыл чарба азыктарын сактоо жана кайра иштетүү боюнча тажырыйбалары менен бөлүшүп, айыл чарба техникалары көргөзмөгө коюулат. Көргөзмөгө катышууга кызыкдар бардык компанияларды чакырат.

Көргөзмөнү уюуштуруучулардын байланыш телефондору: Абдуллаева Сабина +(9987)238 94 68

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 15

Картошканы экспорттоо боюнча Айыл чарба министрлигинде жолугушуу болду

 

2019-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилигинде  2018-жылдын 27-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К. Бороновдун Өзбекстан жана Түркмөнстан Республикаларына картошка экспорттоо жөнүндөгү протоколдук тапшырмасынын аткарылышы боюнча жолугушуу болду.

            Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, Айыл чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания мамлекеттик ишканасы жана  Республиканынын аймактарынан келген   дыйкандар катышты.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 14

Министрликте "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы электрондук башкарууну ишке ашыруу максатында семинар өткөрүлдү

2019-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин алдындагы мамлекеттик «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» ишканасынан директору Н.Кутнаева "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы, "Электрондук башкаруу жөнүндө" презентация окуп, семинар өткөрүлдү.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 11

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлиги жана «КыргызЛенд» Экспорттоочулар жана импорттоочулар Кыргыз Ассоциясы» юридикалык жактардын бирикмеси ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду

2019-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Мурашев Н.М. жана «КыргызЛенд» Экспорттоочулар жана импорттоочулар Кыргыз Ассоциясы» юридикалык жактардын бирикмесинин төрайымы Ниязбекова Л.А. айыл чарба продукцияларынын экспорттосун өнүктүрүү, дыйканчылык жана өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини жаатында кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Кененирээк
Жаңылык Үчтүн айынын 10

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин маалыматы

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы  Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти 2019-жылдан тартып жаңы сортторду жана гибридтерди Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берүү боюнча отурум өткөрдү.  Өсүмдүктөрдүн  жаңы сортору жана гибридтери катталып, 141и келечектүү деп таанылды. 2019-жылдан баштап Мамлекеттик реестрге П.П.Лукьяненко атындагы Краснодар айыл чарба илим изилдөө институтунун селекциясынын Гурт, Караван, Калым, Анка аттуу буудай сорттору; Казак дыйканчылык жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк илим изилдөө институтунун селекциясынын Матай, Егемен 80 сорттору келечектүү деп таанылды. Ошондой эле, келечектүү деп таанылган тизмеге Казак дыйканчылык жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк илим изилдөө институтунун Таза, Кожа, Азиада, Балауса аттуу күздүк тритикаленин сорттору да киргизилди.

Кененирээк

[пред]  [1-6]  ...  [19-24]  [25-30]  [31-36]  [37-42]  [43-48]  [49-54]   [показать все]


Маалымат системалары

Суу чарба жана
мелиорация департаментинин
маалымат ресурсу

Маалымат блогу